Яндекс Go самокаттары Кыргызстанда иштей баштады

Яндекс Go самокаттары Кыргызстанда иштей баштады

Эми Бишкектин жашоочулары Яндекс Go тиркемесинен электр самокаттарды ижарага ала алышат.

Самокатты ээлеп койгондон кийин ага чейин жетүү үчүн колдонуучулар 10 мүнөт акысыз убакыт ала алышат. Сапардын баасы бир мүнөткө 8 сомдон башталат. Төлөм Яндекс Go тиркемесине байланган картадан алынат. Ыӊгайлуу болсун үчүн 1 же 6 айга - 150 жана 599 сомго 20% арзандатууну кошуп алууга мүмкүндүк бар.

Ижарага алуу үчүн Ninebot Max Plus самокаттары жеткиликтүү, алардын эӊ жогорку ылдамдыгы саатына 25 км түзөт. Самокаттар эл көп жүргөн зонада ылдамдыгын автоматтык түрдө акырындык менен азайтат. Мындай “жай жүрүү зоналары” шаар бийлиги менен макулдашуу боюнча аныкталат. Булар жөө адамдар көп жүргөн мектептердин, бала бакчалардын айланасы жана аянттар. Самокат тебүүгө тыюу салынган зоналарда ал өз ылдамдыгын акырындык менен жайлатып, нөлгө чейин түшүрөт.

Биринчи сапарга чыгуу алдында тиркемеден самокатты кантип башкаруу жана коопсуз жол жүрүү керектиги жөнүндө кыскача жана жөнөкөй нускама чыгат. Колдонуучулар сапардын коопсуз маршрутун түзө алышат, ал эми “Алиса” үн жардамчысы жолго чыгуу алдында маанилүү эрежелер жөнүндө эскертет: мисалы жол жүрүп бара жатканда кулакчын менен музыка угууга болбойт, ал эми жолду кесип өтүүдө самокаттан түшүп, рулунан кармап, жөө жетелеп өтүү зарыл.

“Бишкекте электр самокаттары шаар ичинде жүрүүгө ыӊгайлуу жана экологиялык таза чечим болушу жана трафикти жеӊилдетүүгө жардам бериши мүмкүн. Бирок аларды натыйжалуу колдонуу үчүн коопсуздук эрежелерин жакшы сактоо зарыл. Андыктан биз тиркемеде самокаттарды коопсуз пайдалануунун эрежелери жөнүндө дайыма эскертип турабыз”, – дейт Кыргызстандагы Яндекс Go компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов.

Электр самокаттарын коопсуз жана ыӊгайлуу башкаруу үчүн аны бир гана киши айдашы керек. Ал эми бир аккаунттан бир учурда үчкө чейин самокатты ээлеп коюуга болот. Досуӊ үчүн дагы бир самокатка буйрутма берүү да абдан ыӊгайлуу кызмат. Бир нече самокатты эки жол менен ижарага алууга болот: ал үчүн "Дагы бир самокат" баскычын басуу же самокаттын корпусундагы QR-кодду сканерлөө керек.

Бишкекте виртуалдык токтотмолорду пайдалануу менен электр самокаттарын ижаралоо системасы ишке киргизилген. Электр самокаттарынын орду картадан көрүнүп турат. Аларды ошол жерлерден ижарага алууга жана виртуалдык токтотмолорго калтырып коюуга болот.


Бардык каалоочулар Яндекс Go тиркемесин акыркы версияга чейин жаӊылоо менен самокат ижаралоо сервисин колдоно алышат. Аларды 18 жаштан ижарага алууга жана айдоого болот. Колдонуучулардын Яндекс Go самокаттарын тээп жүргөн учурдагы өмүрү жана ден соолугу камсыздандырылган.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media