Бишкекте CAREC-2025 аял ишкерлер форуму өттү

Бишкекте CAREC-2025 аял ишкерлер форуму өттү

Кечээ, Бишкекте "Жашыл инновациялар жана гендердик теңчилик үчүн бирге" урааны астында Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык программасынын (CAREC) алкагында аял ишкерлер форуму өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Форум жашыл технологияларды жана гендердик теңчиликти өнүктүрүүгө арналган негизги региондук аянтчага айланып, CAREC өлкөлөрүнөн аял ишкерлер, эксперттер жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрүн чогултту.

Иш-чарада жашыл инновациялардын аялдардын ден соолугуна тийгизген оң таасири, акысыз эмгекти кыскартуу жана жашыл жумуш орундарын түзүү аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу темалары талкууланды.

Ошондой эле, форум системалуу өзгөрүүлөр, жамааттардын туруктуулугу жана CAREC аймагында инклюзивдүү өнүгүүгө жетишүүдө жашыл чечимдердин маанисин баса белгиледи.

Иш-чара ишенимдүү жана шыктандырган атмосферада өтүп, тажрыйба алмашуу, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү жана аялдардын лидерлигин чыңдоо үчүн платформаны түздү.

Форум CAREC программасы, ЕККУ академиясы, БУУӨП, ЕБРР, "Элдик Банк" жана "Юнисон" компаниялар тобунун колдоосу менен уюштурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Бишкекте Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин экинчи жыйыны өткөнүн Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун долбоордук ишмердүүлүгү расмий түрдө 2026-жылдын биринчи чейрегинде баштала турганы тууралуу чечим кабыл алынды. Бул стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда жана уюмдун практикалык ишин баштоодо маанилүү этап болуп саналат. Жыйында катышуучулар фонддун практикалык ишмердүүлүгүн

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Кыргызстандагы климаты катаал, тоо арасында жайгашкан Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнүн 95%ы

Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры толук оңдолду

Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры толук оңдолду

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, капиталдык оңдоо 1972-жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлдү. Жаңылоо мезгилинде инженердик системаларды модернизациялоо, ички имараттарды оңдоо, кичи жана чоң залдарды, вестибюль менен фойени реконструкциялоо, отургучтарды, витраждарды, терезе блокторун, чатырды жаңылоо, ошондой эле административдик бөлмөлөрдү оңдоо сыяктуу комплекстүү иштер аткарылды. Ремонтко жалпы 320 миллион сом жумшалган. 2025-жылдын 6-декабрында

Илон Маск Евробиримдикти жоюуну талап кылды

Илон Маск Евробиримдикти жоюуну талап кылды

Миллиардер Илон Маск өзүнүн социалдык баракчасында Евробиримдик тууралуу нааразычылыгын билдирип, аны жоюуну талап кылды. Ишкердин пикиринде, бул уюм ага мүчө мамлекеттерге өз элдеринин кызыкчылыгын туура "көрсөтүүгө" бөгөт коёт. Буга чейин ал ЕБни сынга алып, бюрократия "Европаны муунтуп жатат" деп жазганын "Известия" басылмасы кабарлады. Кызыгы,