Жеке ишкер мал бордоо жайын куруп, жумуш орундарын түзүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин тапшырмасына ылайык, аймактарда мал чарбасын өнүктүрүү, эт өндүрүшүн арттыруу жана жаңы иш орундарын түзүү багытында иштер жүрүп жатат.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул иштин алкагында Ак-Талаа районунда жеке ишкерлер мал бордоп семиртүү боюнча заманбап жайларды түзүүгө киришишти.
Жеке ишкер Адилет Жапаров өз каражаты жана Өнүктүрүү фондунан 2%дык жеңилдетилген насыянын эсебинен мурда пайдаланылбай калган эски имаратты сатып алып, капиталдык оңдоодон өткөрүп, заманбап шарттагы мал бордоо ишканасын ишке киргизүүдө.
Жаңы ишкананын ачылышы менен райондо туруктуу жумуш орундарын түзүү, этти кайра иштетүү жана айыл чарба азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого салым кошулары күтүлүүдө.