Уоррен Баффет кайрымдуулукка 1,3 млрд доллар бөлөрүн билдирди

Уоррен Баффет кайрымдуулукка 1,3 млрд доллар бөлөрүн билдирди

95 жаштагы белгилүү миллиардер Уоррен Баффет акционерлерге жазган катында 2025-жылдын аягында Berkshire Hathaway компаниясынын башкы директорлук кызматын таштап, кайрымдуулукка 1,3 млрд доллар бөлөрүн жазган. 

Катта миллиардер ар жылкы салттуу кайрылууларды жазганды жана компаниянын отурумдарында сүйлөгөндү токтоторун билдирген. Ошону менен бирге эле ал өзүн жакшы сезерин, бирок активдерди балдарына берүүнү жана кайрымдуулук тартиби механизмин байлыгы менен бекемдөөнү тездетерин баса белгилеген.   

Уоррен Баффет дагы бир жолу анын мураскери Грег Абель болорун билдирип, акционерлер ага жана анын өнөктөшү Чарли Мангерге өзүнө ишенгендей ишениши керектигин билдирген. 

Миллиардер жазган документке ылайык, В классындагы 1,5 млн акция Сьюзан Томпсон Баффет фондуна берилет. А 400 миң акциядан бизнесмендин ар бир баласынын фондуна бөлүнөт. 
Эске салсак, Berkshire Hathaway конгломераты Geico, Duracell жана Dairy Queen компанияларын кошкондо ондогон компанияларга ээлик кылат. Портфелдин негизги 283 млрд долларын Apple, American Express, Bank of America, Coca-Cola жана Chevron акциялары түзөт. 

95 жаштагы Уоррен Баффеттин учурдагы байлыгы 150 миллиард долларды түзөт. 

Мындан тышкары окуңуз

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Мурдагы УКК башчысынын хан сарайынан алынган буюмдарды сатуу уланып жатат. Астанада өткөн электрондук аукциондо Масимовдун үйүн тинтүү учурунда алынган самурай кылычы жана булгаары кур сатылды деп билдирет Orda.kz. Баштапкы баасы 461 миң теңге болгон кылыч 3 миллион 413 миң 825 теңгеге сатылды. Кылыч болоттон жасалган жана кыны кара түстө,

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу