Наманган облусундагы ишканалар кыргыз ишкерлеринин көңүлүн бурду

Наманган облусундагы ишканалар кыргыз ишкерлеринин көңүлүн бурду

Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы соода өкүлү Уран Темирбеков Наманган облусуна сапар менен барды. Сапардын алкагында ал Наманган облусунун Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги, “Наманган” эркин экономикалык аймагынын администрациясы жана аймактагы өнөр жай ишканалары менен жолугушууларды өткөрдү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө Темирбеков төмөнкү ишканалар менен таанышып, алардын ишмердүүлүгүн жеринен көрдү:

  • “Paper Box Invest” ЖЧКсы – тамак-аш продукциялары үчүн сапаттуу таңгактарды чыгарат;
  • “Innovation Trans Oil GD” ЖЧКсы – битум өндүрүү;
  • таттуу үй шартында жасалган нан азыктарын чыгарган жеке компаниялар;
  • жемиштерди кайра иштетүү жана кургатуу боюнча ишканалар;
  • таңгактоочу пленка чыгаруучу завод – азык-түлүктөрдү жана товарларды таңгактоо үчүн жука түрмөк пленка чыгаруу менен алектенет.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Наманган облусунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен активдүү соода-экономикалык кызматташууга даяр экенин билдиришти. Аймактык тарап Кыргызстан менен соода байланышын кеңейтүүгө ачык экенин баса белгиледи.

Бул сапар Кыргызстандын ишкер чөйрөсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эки өлкөнүн соода жана инвестициялык байланыштарын күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде