Сузакта цитрус бактарын өстүргөн дыйкан быйыл лимондон 800 кг түшүм алды
Сузак районунун Барпы айыл аймагында дыйкан акыркы 2 жылдан бери климатка анча ылайык келбеген цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүп келет. Мандаринди сыноо үчүн отургузган дыйкан учурда жакшы түшүм алып, лимон жана башка тропикалык өсүмдүктөрдү да өстүрүүгө жетишти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Заманбап агротехникалык ыкмаларды колдонуу натыйжасында мандаринден сапаттуу жана мол түшүм алынууда. Мындан тышкары, дыйкан эки жылдан бери лимон өстүрүп, быйылкы жылы 800 килограммга чейин түшүм жыйнады. Алынган продукция жергиликтүү керектөөнү камсыздоодон тышкары, базарларда сатылууда.
Учурда дыйкандын күнөсканасында банан, курма, лимон, мандарин жана мандариндин башка түрлөрү өстүрүлүүдө. Ал келечекте күнөсканасын кеңейтип, тропикалык өсүмдүктөрдүн түрлөрүн көбөйтүүнү пландап жатат.
Бул демилге аймакта жергиликтүү дыйкандар үчүн жаңы багыт жана ийгиликтүү тажрыйба болуп эсептелет.