Гидропоника ыкмасы менен органикалык ширелер өндүрүлүүдө

Гидропоника ыкмасы менен  органикалык ширелер өндүрүлүүдө

2022-жылдын май айынан тарта Нуралиева Мунара гидропоника ыкмасын ийгиликтүү өздөштүрүп, "Витадаам" компаниясын негиздеген. Бүгүнкү күндө аталган компания буудайдан өндүрүлгөн жашыл чөптү пайдаланып, витаминге бай, органикалык сок даярдоо менен алектенип келет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Компаниянын өндүрүш процесси толугу менен экологиялык талаптарга жооп берип, эч кандай химиялык кошулмалар колдонулбайт. Бул "Витадаамдын" продукциясын коопсуз, таза жана саламаттык үчүн пайдалуу кылат.

Мындан тышкары, сок өндүрүүдөн калган калдыктар кайра иштетилип, мал чарбасында пайдалуу тоют катары колдонулууда. Мындай ыкма ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүп, айыл чарбасында туруктуу өнүгүүнү камсыздоого өбөлгө түзүүдө.

"Витадаам" компаниясынын ишмердүүлүгү саламат жашоо образын колдоого багытталып, жергиликтүү рынокко сапаттуу жана органикалык продукция сунуштоону негизги максат катары коюуда. Бул демилге экологиялык таза өндүрүштү өнүктүрүү менен катар, ички рынокто органикалык азык-түлүккө болгон суроо-талапты канааттандырууга салым кошууда.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай