Салык кызматы чакан жана орто бизнеске колдоону улантууда

Салык кызматы чакан жана орто бизнеске колдоону улантууда

Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Бул чечим чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү, административдик басымды азайтуу жана жагымдуу иштөө шарттарын түзүү максатында кабыл алынды.

Токтотуу чарасы бирдиктүү салыктын 0 жана 0,5% ставкасы менен иштегендерге, патент негизинде иштегендерге, өзгөчө режимдеги соода зоналарында салык төлөгөндөргө жана тигүү же текстиль өндүрүшүндө 0,25% ставка менен иштегендерге тиешелүү. Бирок салык каттоосуз иштегендерге, даттануулар же тергөө органдарынын токтомдору бар субъекттерге, салыктарын төлөбөгөндөргө жана акциздик товарларды мыйзамсыз жүгүрткөндөргө бул токтотуу чаралары тиешелүү эмес.

Ошондой эле салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды, банк карталары, электрондук акчалар жана QR-коддорду колдонуу боюнча түшүндүрүү жана практикалык жардам көрсөтүүнү улантат. Бул чаралар чакан жана орто ишкердикти колдоо жана экономикалык шарттарды жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media