Нарында ишкерлерди колдоо боюнча ЧОИ-2030 программасы талкууланды

Нарында ишкерлерди колдоо боюнча ЧОИ-2030 программасы талкууланды

Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программасынын (ЧОИ-2030) долбоорун талкуулоого арналган көчмө эксперттик жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана ЕККУнун эксперттеринин колдоосу менен уюштурулду.

Жолугушууга Нарын облусунун бизнес-коомчулугунун, тармактык ассоциациялардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Ишкерлер аймакта бизнести өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктарды, каржылоого жетүү көйгөйлөрүн жана колдоого муктаж багыттарды белгилешти.

Талкуунун жүрүшүндө жеңилдетилген насыялоонун инструменттерин кеңейтүү, ишкерлерди колдоо үчүн санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, "бир терезе" принциби менен иштей турган регионалдык санариптик хаб түзүү, экспорттук жана өндүрүштүк кластерлерди, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана тигүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында Нарын облусунун ишкерлеринен түшкөн сунуштар ЧОИ-2030 программасынын долбоорун иштеп чыгууда жалпыланып, эске алынары белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Бишкекте эң бийик айланма дөңгөлөгү бар - “Асман Парк” ачылды

Көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын кайрадан реконструкциялоонун негизинде, “Асман Парк” үй-бүлөлүк  оюн-зоок борбору ачылды. Парктын салтанаттуу ачылыш аземи 9-сентябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Асман Парктын” жетекчилери жана калаа тургундары менен коноктору катышышты. Мэрдин айтымында, бул

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,