Кыргызстанда табигый жайма как өндүрүү кеңейип жатат

Кыргызстанда табигый жайма как өндүрүү кеңейип жатат

"Накта Как" жеке ишканасы мөмө пастиласын өндүрүүнү кеңейтип жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда компаниянын ассортиментинде 25тен ашык түрдөгү мөмө пастиласы бар. Өндүрүлгөн продукция жергиликтүү чийки заттан жасалып, ден соолукка пайдалуу жана табигый азыктарга коюлган заманбап талаптарга толук жооп берет. Ошондой эле рынокто туруктуу суроо-талапка ээ.

Ишкана жасалма кошулмаларсыз жана консерванттарды колдонбостон, таза, табигый жана экологиялык жактан коопсуз продукция чыгарууга багытталган.

Азыркы учурда ишкана Сокулук районунун аймагынан 100 чарчы метрлик өндүрүш цехин куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен министрликкке кайрылган.
"Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында кошумча кошумча нарк (кошумча баа) жаратууга мүмкүндүк берет", — деп белгилешти ишканадан.

Маалыматка ылайык, ишканага көрсөтүлүп жаткан колдоо кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө, экологиялык багыттагы өндүрүштөрдү колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган “30+20+10” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media