ЧОИ-2030: Караколдо туризм жана ишкерликти колдоо маселелери көтөрүлдү

ЧОИ-2030: Караколдо туризм жана ишкерликти колдоо маселелери көтөрүлдү

22-январда Каракол шаарында 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү программасынын (ЧОИ-2030) долбоору боюнча көчмө эксперттик жыйын өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Жыйынга Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери жана Ысык-Көл облусунун ишкерлери катышты. Аймактык өзгөчөлүктөр эске алынып, туризм тармагын экспортко багытталган тармак катары колдоо, жеңилдетилген каржылоо жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле ишкерлер жогорку пайыздык кредиттер жана уруксат берүү процедураларындагы кыйынчылыктар тууралуу айтышты. Бардык сунуштар ЧОИ-2030 программасынын акыркы версиясын даярдоодо эске алынат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды