Ишкерлердин жоопкерчилиги боюнча укуктук маселелер талкууланды
Башкы прокуратура Жогорку соттун Сот адилеттиги жогорку мектеби менен биргеликте ишкердик ишмердүүлүк субъекттеринин жоопкерчилигине арналган иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Иш-чарага судьялар, прокурорлор жана адвокаттар катышып, анда ишкерлердин укуктук статусу, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө граждандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү талкууланды.
Жыйындын негизги максаты — катышуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана укук колдонуу практикасында бирдиктүү мамилени камсыз кылуу.
