Жыл бою түшүм, жогорку киреше: Баткендик жаш ишкердин кулпунай бизнеси

Жыл бою түшүм, жогорку киреше: Баткендик жаш ишкердин кулпунай бизнеси

Баткен облусунун Миң-Чынар айылынын тургуну, 31 жаштагы дыйкан Кубаныч Барат уулу акыркы төрт жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алектенип, туруктуу киреше табууда. Аймакта сейрек кездешкен бул түр кулпунайды ал жыл бою — кышында да, жайында да ийгиликтүү жолго койгон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Дыйкан 2022-жылы атайын окуудан өтүп, 2023-жылы заманбап күнөскана курган. Ал бул тажрыйбаны коңшу Өзбекстанстандан үйрөнүп, керектүү материалдарды ошол жактан алып келип ишке ашырганын айтат. Алгач кореялык "Сохен" сортундагы кулпунайды өстүрүп, кийинчерээк Ош шаарынан алынып келген "Кабирелло" сортун отургузуп, мол түшүм алууда.

Күнөсканада заманбап жылытуу жана тамчылатып сугаруу системалары орнотулган. Кыш мезгилинде күнүнө орточо 300 килограмм көмүр колдонулат. Тамчылатып сугаруу сууну үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатууга шарт түзөт.

Кубаныч Барат уулу жаңы агротехнологияларды өздөштүрүү максатында үзгүлтүксүз семинарларга жана окууларга катышып келет. Мурда кулпунайын Ош шаарында сатса, учурда Баткен облусундагы соода түйүндөрүнө өткөрүп жатат. Азыркы тапта кулпунайдын 1 килограммынын баасы 1500 сомдон жогору, кыш айларында 2000 сомго чейин жетсе, апрель айында 700–800 сомго чейин төмөндөйт.

Күнөскананын жалпы аянты 10 сотыхты түзөт. Мындан тышкары, дыйкан кулпунайды 90 жана 15 сотых ачык жерге да отургузган. Ачык аянттагы түшүм апрель айында бышып жетилет. Дыйкандын айтымында, 10 сотых күнөсканадан 500 килограммдан ашык, ал эми 1 гектар жерден 25 тоннага чейин кулпунай жыйноого мүмкүн.

Бул иш Баткен облусунда айыл чарбасын өнүктүрүүгө, жаштарды дыйканчылыкка тартууга жана заманбап технологияларды колдонууга жакшы үлгү болууда.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media