Каржы министрлиги Дүйнөлүк банк менен экология жана ишкерликти колдоону талкуулады

Каржы министрлиги Дүйнөлүк банк менен экология жана ишкерликти колдоону талкуулады

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлордун аткарылышы боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө багытталган демилгелердин учурдагы абалы талкууланды. Негизги көңүл "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" жана "Микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү" долбоорлоруна бурулду.

Нурбек Акжолов абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун маанисин белгилеп, таза жылытуу технологияларын киргизүү үчүн кредиттик линияларды ишке киргизүү, коммерциялык банктар менен кызматташуу жана калкты маалыматтандыруу чаралары каралып жатканын айтты. Ошондой эле долбоорлордун жүрүшү жана 2026-жылга пландалган каржылоо көлөмдөрү тууралуу маалымат берилди.

Микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү долбоорунун алкагында ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана заманбап каржылык инструменттерди колдонуу маселелери талкууланды.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү бул долбоорлор калктын жашоо сапатын жакшыртууда, экологиялык туруктуулукту бекемдөөдө жана ишкердикти өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгилешип, кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экенин баса белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media