Сүттү кайра иштеткен "Жети Баатыр" ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө

Сүттү кайра иштеткен "Жети Баатыр" ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти "30+20+10" долбоорунун алкагында сүт азыктарын өндүргөн "Жети Баатыр" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Ишкана "Айыл сүт" соода маркасы менен жогорку сапаттагы табигый сүт азыктарын өндүрүп келет. Компания сүттү кайра иштетүү тармагында үч жылдан ашуун убакыттан бери туруктуу иш жүргүзүүдө.

Долбоордун алкагында "Жети Баатыр" ЖЧКсы консультациялык жана технологиялык колдоого ээ болуп, өндүрүштү модернизациялоо жана продукциянын сапатын жогорулатуу багытында иш алып барууда. Учурда өндүрүштү кеңейтүү максатында Түркия Республикасынан заманбап жабдуулар сатылып алынды.

Аталган чаралар жаңы жумуш орундарын түзүүгө, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошууга жана ички рынокту сапаттуу сүт азыктары менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media