Кыргызстандан тышкары иштеген салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салык мөөнөтү узартылды

Кыргызстандан тышкары иштеген салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салык мөөнөтү узартылды

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыкка өтүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылды.

Салык кызматы эскертет: 2026-жылдын 1-январынан тартып салык төлөөчүлөр 0,1%дык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга милдеттүү. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аталган салык системасын колдонуу үчүн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин арыз берүүгө тийиш болчу.

Келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, арыз берүү мөөнөтү 1-мартына чейин узартылды. Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режимине өтүү үчүн аймактык салык органдарына арыз менен кайрылууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media