Салык кызматы кафе-ресторандарда фискалдык чек талап кылууга чакырат
Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануу жайларында эсептешүү учурунда кардарларга контролдук-кассалык машинанын (ККМ) фискалдык чеги милдеттүү түрдө берилиши керектигин эскертет.
Маалыматка ылайык, айрым кафе жана ресторандарда фискалдык чектин ордуна кардарларга эсептик программада түзүлгөн пречек же буйрутма тууралуу маалыматтын сүрөтү берилүүдө. Бирок мындай документтер фискалдык чек болуп эсептелбейт, төлөмдү тастыктабайт жана салык системасында катталбайт.
Салык кызматы мындай аракеттер чыныгы кирешени жашырууга жана салык төлөөдөн качууга багытталышы мүмкүн экенин белгилейт.
Эрежеге ылайык, официант же кассир кардарга буйрутманын жалпы суммасын айтып, төлөм ыкмасын тактап, ККМдин фискалдык чегин кагаз түрүндө берүүгө милдеттүү.
Фискалдык программалык камсыздоону колдонуу боюнча пилоттук долбоорго катышкан ишканалар эсептешүүлөрдү маалыматтарды онлайн берүү функциясы бар программа аркылуу жүргүзүшү керек. Ал эми долбоорго кирбегендер катталган контролдук-кассалык машиналарды колдонууга тийиш.
Белгиленгендей, фискалдык чек — төлөмдүн салык системасында катталганын жана салыктардын бюджетке түшүшүн тастыктаган, ошондой эле керектөөчүнүн укугун коргогон жалгыз документ.
Салык кызматы жарандарды кафе жана ресторандарда төлөм жүргүзүүдө фискалдык чекти талап кылууга чакырат.