Кыргызстандык 33 ишкер Германияда бизнес-тажрыйба алмашты

Кыргызстандык 33 ишкер Германияда бизнес-тажрыйба алмашты

Кыргызстандан 33 ишкер Германиянын алдыңкы компанияларында такшалмадан өтүп, европалык өнөктөштөр менен тажрыйба алмашып кайтышты. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, “Германия менен бизнес-өнөктөштүк” программасынын алкагында 2025-жылы кеңири тандоо жүргүзүлгөн. Соода-өнөр жай палатасы жана Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) уюштурган сынакка 69 талапкер катышып, алардын 47си программага сунушталган.

Жыйынтыгында 33 ишкер Германияда үч жума бою такшалмадан өтүп, немис бизнесинин иш тажрыйбасы менен жеринде таанышышты. Сапардын жүрүшүндө кыргызстандык менеджерлер 44 алдыңкы немис ишканасына барып, үч ири эл аралык көргөзмөгө катышты.

Ошондой эле 83 B2B форматындагы жолугушуу өткөрүлүп, анын негизинде жалпы суммасы 380 миң евро болгон эки келишимге кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүй облусунун Беловодское айылында "Клубмалина" ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор министрликтин "Климатка туруктуу нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. Ачылышка министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев, долбоор бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев жана фермерлер катышты. Комплекстин жалпы наркы

Ишкер Media
РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

Россиянын Борбордук банкы санарип рубль кадимки төлөм ыкмаларына салыштырмалуу пайдалуу боло турган үч жагдайды атады. Алардын катарына ири суммадагы акчаны акысыз которуу, ишкерлердин төлөмдөрдү кабыл алуудагы чыгымдарын азайтуу жана компаниялардын эмгек акы төлөө чыгымдарын кыскартуу кирет. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Зульфия Кахруманова айткандыгын “Комсомольская правда” радиосуна

Ишкер Media
Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Араван жана Ноокат райондорунда рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө балык уулоо эрежесин бузган 5 жаран аныкталып, аларга карата 5 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Министрлик жарандарды жаратылышка аяр

Ишкер Media
2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ишкер Media