Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Россияда иштеген кыргызстандык ишкерлер Кыргызстанга накталай акча алып кире албай жатышканын айтып даттанышканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев билдирди.

Анын айтымында, ага жергиликтүү ишкерлерден эки арыз түшкөн.

"Алар УКМКнын 30-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош жана Бишкек аэропорттору аркылуу накталай акчаны Кыргызстанга алып кирүүгө уруксат бербей жатканын айтышууда. Бул туура эмес практика. Канчалык көлөмдө алып келсе да, ишкерлерге мындай мүмкүнчүлүк берилиши керек", — деди Уланбек Жаанбаев.

Ал Министрлер кабинетине жаралган кырдаалга чара көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштуруларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкек шаардык мэриясы "Шаардагы муниципалдык паркингдердин жана токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул документ шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна чыгарылган. Долбоордун негизги пункттары: * Муниципалдык паркингдер жана токтотуучу жайлар боюнча Жобону бекитүү пландалууда; * Паркинг үчүн расмий тарифтерди орнотуу; * Убакытты автоматтык эсептөөчү система менен жабдылган

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат Уланбек Жаанбаев "Бакай-Ата" турак жай массивиндеги жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну Жогорку Кеңештин жыйынында суранды. Анын айтымында, "Бакай-Ата" жаңы конушу 1989-жылы түзүлгөн жана баш калаадагы алгачкы турак жай массивдеринин бири болуп эсептелет. "Аймакта негизги инфраструктуралар — газ жана канализация бар, бирок 96 үй-бүлөнүн дагы эле өз

Табийгатты коргоо мыйзамын бузгандарга 18 млн сом айып пул салынды

Табийгатты коргоо мыйзамын бузгандарга 18 млн сом айып пул салынды

2025-жылы Кыргызстанда табиятты коргоо мыйзамын бузгандарга жалпы 18 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынганын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде билдирди. Анын айтымында, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо багытында 300дөн ашык рейд жүргүзүлгөн, алар аңчылык сезонуна жана башка учурларга тиешелүү болгон. * Өсүмдүктөрдү