Салык кызматынын өкүлдөрү бизнес-жолугушууга катышты

Салык кызматынын өкүлдөрү бизнес-жолугушууга катышты

Салык кызматынын өкүлдөрү Америкалык соода палатасы уюштурган бизнес-жолугушууга катышып, чогулгандарга салык мыйзамдары боюнча маалымат беришти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков салык мыйзамдарындагы акыркы негизги өзгөрүүлөр тууралуу жалпы маалыматты берилип, аларды колдонуудагы практикалык жагдайларды түшүндүрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен ачык диалог уюштурулду. Катышуучулар салык салуу жана салык мыйзамдарын колдонуу практикасы боюнча кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Мындай жолугушууларга Салык кызматынын катышуусу бизнес коомчулук менен кызматташууну чыңдоого, салык системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана өлкөдөгү ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media