Таласта сүттү кайра иштеткен ишкана өндүрүшүн кеңейтүүдө
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында ишкер Торокулова Наргизанын сүт азыктарын кайра иштетүүчү чакан ишканасы 2008-жылдан бери туруктуу иш алып барууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Ишкана күнүнө орточо 2 тонна сүттү жергиликтүү тургундардан кабыл алып, Голланд сыры жана сары май өндүрөт. Даяр продукциялар негизинен Бишкек шаарына жана өлкөнүн башка аймактарына жеткирилет.
Ишкана жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылып, ата мекендик продукция өндүрүүгө салым кошууда.
Учурда өндүрүштү кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана продукциянын түрүн көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө. Ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү пландалууда.
Ишкерликти колдоо максатында жеңилдетилген насыя берүү каралып, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жаңы жабдуулар алынып келинүүдө.

