Баткенде күнөсканада өстүрүлгөн кулпунай кирешелүү бизнеске айланды

Баткенде күнөсканада өстүрүлгөн кулпунай кирешелүү бизнеске айланды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаарына караштуу Чымген айылынын тургуну Аззамкул Ташбеков күнөсканада кулпунай өстүрүү менен ийгиликтүү ишкерлик жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ал кооператив мүчөлөрү менен бирге түшүм жыйноо иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми жубайы өстүрүлгөн кулпунайды ички базарда сатууда.

Алар өстүргөн кулпунайга суроо-талап жогору болуп, анын бир килограммы 1500 сомго чейин бааланууда. Ишкер кулпунайды күнөсканада гана эмес, ачык талаада да тамчылатып сугаруу ыкмасы аркылуу өстүрүүдө.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Аззамкул Ташбеков сыяктуу эле Чымген айылынын 25 тургуну бир кооперативге биригип, “Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программа” (GAFS) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы каржылаган долбоордун алкагында колдоо алышкан. Долбоор Баткен облусунда азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталып, катышуучулар атайын окутуулардан өтүшкөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 146 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 146 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык жер тилкесин пайдаланууга берүүдө мыйзам талаптарын одоно бузганы белгилүү болгон. Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде Көк-Жар кичи районунун И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 0,63

Мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук алтын куймалар  өткөрүлдү

Мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук алтын куймалар өткөрүлдү

Сот аткаруучулар кызматы тарабынан мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук конфискацияланган алтын өткөрүлдү. Маалыматка ылайык, кызматтын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча бөлүмү мүлктү конфискациялоо тууралуу соттук акттын аткарылышын камсыздады. Анын алкагында жалпы салмагы 3971,04 граммды түзгөн 6 алтын куймасы конфискацияланды. Жыйынтыгында мамлекеттин кирешесине 58 млн 715 миң сом

Ош–Кара-Суу жана Гүлчөдө жолдор 4 тилкелүү болуп кеңейет

Ош–Кара-Суу жана Гүлчөдө жолдор 4 тилкелүү болуп кеңейет

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков иш сапары менен Ош облусуна барып, бир катар унаа жолдордогу курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Ал Ош–Кара-Суу унаа жолун, Кара-Суу шаарындагы Х.Юлдашев көчөсүн, Алай районунун Гүлчө шаарындагы Алымбек Датка көчөсүн жана Пад–Будалык–Көбүргөн

"Орто-Сай" базарында баалар текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталды

"Орто-Сай" базарында баалар текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталды

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Мониторингге кызматтын аймактык бөлүмүнүн башчысы катышып, баа кырдаалы жана баа түзүү тартибинин сакталышы менен жеринде таанышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө негизги азык-түлүк товарларына баа коюу талаптарынын сакталышы