Бишкекте 146 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 146 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тактап айтканда, Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык жер тилкесин пайдаланууга берүүдө мыйзам талаптарын одоно бузганы белгилүү болгон.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде Көк-Жар кичи районунун И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 0,63 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын жалпы баасы 146 млн 273 миң сомду түзөт.

Прокуратура органдары мыйзам бузууларды аныктоо жана жоюу багытындагы иштерди улантарын билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти

Ошто жаңы чек ара посту жана кызматтык үй ачылды

Жалал-Абаддагы алмашуу бюросуна 55 миң сом айып пул салынды

Чаткал районунан 10 мыкты окуучу Кытайга таанышуу сапарына жөнөп кетти