Баткенде күнөсканада өстүрүлгөн кулпунай кирешелүү бизнеске айланды

Баткенде күнөсканада өстүрүлгөн кулпунай кирешелүү бизнеске айланды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаарына караштуу Чымген айылынын тургуну Аззамкул Ташбеков күнөсканада кулпунай өстүрүү менен ийгиликтүү ишкерлик жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ал кооператив мүчөлөрү менен бирге түшүм жыйноо иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми жубайы өстүрүлгөн кулпунайды ички базарда сатууда.

Алар өстүргөн кулпунайга суроо-талап жогору болуп, анын бир килограммы 1500 сомго чейин бааланууда. Ишкер кулпунайды күнөсканада гана эмес, ачык талаада да тамчылатып сугаруу ыкмасы аркылуу өстүрүүдө.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Аззамкул Ташбеков сыяктуу эле Чымген айылынын 25 тургуну бир кооперативге биригип, “Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программа” (GAFS) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы каржылаган долбоордун алкагында колдоо алышкан. Долбоор Баткен облусунда азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталып, катышуучулар атайын окутуулардан өтүшкөн.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media