Кыргыз ишкерлери Ташкентте жаңы келишимдерди түзүүдө

Кыргыз ишкерлери Ташкентте жаңы келишимдерди түзүүдө

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгү аймактык бизнес-ассоциациялар менен биргеликте 2026-жылдын 1–2-апрелинде Ташкент шаарында бизнес-миссия өткөрүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Программанын алкагында 32 ишкерден турган делегация Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигине барып, UzFood 2026 эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Ошондой эле B2B форматындагы жолугушуулар өткөрүлүп, жаңы ишкердик байланыштар түзүлдү.

Катышуучулар "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемеси уюштурган улуттук павильон менен таанышып, ата мекендик продукцияларды илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Маанилүү жыйынтыктардын бири катары Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Ташкент шаардык башкармалыгы менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары, делегация East CAN Solutions ишканасына барып, өндүрүш процесстери жана кызматташуу багыттары менен таанышты. 2-апрелде ISKO кондитердик фабрикасына баруу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри ишке берилбей жаткан спорт зал боюнча чара көрүүнү тапшырды

Бишкек мэри ишке берилбей жаткан спорт зал боюнча чара көрүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жукеев-Пудовкин көчөсү, 41а дарегинде жайгашкан оор атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин жаңы мелдеш залын текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, объект 2025-жылдын 31-августунда расмий ачылганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин пайдаланууга бериле элек. Текшерүү учурунда шаар башчысы пайдаланууга берүү мөөнөттөрүнүн кечигүүсүнө нааразычылык билдирип, материалдарды

Нарындагы бала бакчада "жасалма жумушчулар" табылды

Нарындагы бала бакчада "жасалма жумушчулар" табылды

Нарында мамлекеттик мекемеге адамдарды жасалма түрдө жумушка орноштуруу фактылары аныкталганын  УКМКнин басма сөз кызматы билдирди. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2024-жылдын башында Куланак айылынын тургундары О.А.О. жана Т.у.А. ошол эле айылдагы "Тангабийке-Бердике" балдар бакчасына жумушка кабыл алынган. Бирок алар жумушка алынгандан тартып өз милдеттерин аткарышкан эмес

Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулуп, 200 миң сом айып салынды

Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулуп, 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерин текшерүү иштери уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсү, 102г дарегинде 9 кабаттуу турак үй мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды. Мындан тышкары, курулуш компаниясы техникалык регламенттерди, курулуш ченемдерин жана

Кытай Россия газын 3 эсе кымбат сата баштады

Кытай Россия газын 3 эсе кымбат сата баштады

Кытай суюлтулган жаратылыш газын(СЖГ) рекорддук көлөмдө кайра сатып, баанын кескин өсүшүнөн пайда көрө баштады деп билдирет Reuters. АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан кийин Азияда суюлтулган газдын баасы болжол менен 85%га өстү. Себеби СЖГ агымдарынын болжол менен 20%ы өтүүчү Ормуз кысыгы аркылуу жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учураган. Кытайга