Кытай Россия газын 3 эсе кымбат сата баштады

Кытай Россия газын 3 эсе кымбат сата баштады

Кытай суюлтулган жаратылыш газын(СЖГ) рекорддук көлөмдө кайра сатып, баанын кескин өсүшүнөн пайда көрө баштады деп билдирет Reuters. АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан кийин Азияда суюлтулган газдын баасы болжол менен 85%га өстү. Себеби СЖГ агымдарынын болжол менен 20%ы өтүүчү Ормуз кысыгы аркылуу жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учураган.

Кытайга СЖГ импорттоо да кескин кыскарды: март айында ал 3,68 млн тоннаны түзүп, 2018-жылдын апрелинен берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Бирок Кытай газды Россиядан алып, ошондой эле өзүнүн ички өндүрүшүнө таянууда. "Түтүк аркылуу жеткирүүлөр жана ички өндүрүш туруктуу бойдон калууда", — деп белгилейт Kpler компаниясынын аналитиги Нельсон Сюн.

Март айында Кытай 10 партияга чейин СЖГны кайра саткан — бул байкоолор тарыхындагы эң жогорку айлык көрсөткүч (ICIS, Kpler жана Vortexa маалыматтары боюнча). Жыл башынан бери 1,31 млн тонна СЖГ (19 партия) кайра сатылды, ал эми 2025-жылдын ичинде жалпысынан 0,82 млн тонна болгон. Негизги багыттар — Түштүк Корея (10 партия), Таиланд (5), ошондой эле Япония, Индия жана Филиппиндер.

Кытай арзан узак мөөнөттүү келишимдер менен кымбат спот-рыноктун ортосундагы айырмадан пайда табууда. Россиядан түтүк аркылуу келген газ Кытайга болжол менен 1000 куб метр үчүн 250 долларга түшөт. Ошол эле учурда Азиядагы спот баалар 1000 куб метр үчүн 830 долларга чейин өскөн. Кайра сатууда Кытайдын кирешеси сатып алуу баасынан үч эсеге чейин жогору болушу мүмкүн. Ар бир стандарттуу СЖГ партиясы (болжол менен 70 млн куб метр) 40 млн долларга чейин пайда алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле Кытай Новатэк компаниясынан СЖГны арзандатуу менен сатып алган. "Арктик СЖГ-2" долбоорунан келген отунга кеминде өткөн жайдын аягынан бери кытайлык сатып алуучулар үчүн 30–40%дык арзандатуу берилүүдө. Теориялык жактан бул да кайра сатууда кирешени көбөйтүшү мүмкүн.

Кайра сатуу көлөмүнүн өсүшү Кытайдагы ички суроо-талаптын төмөндөшү менен байланыштуу. "Ички суроо-талап алсыз болгон шартта сатып алуучуларга партияларды чет өлкөгө кайра сатуу пайдалуураак", — дейт ICIS аналитиги Ван Юаньда. Март айындагы кайра сатылгандардын дээрлик жарымы CNOOC компаниясынын Цзянсу провинциясындагы Биньхай терминалына туура келген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 90 380 жаңы "Алиппе" таратылат

Кыргызстанда 90 380 жаңы "Алиппе" таратылат

1 -класстарга Алиппе окуу китеби басылып чыкканын Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган министрликтин жана Окуу китеби мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү даярдалган Алиппе окуу китептерин кабыл алышты. Окуу китептери “Учкун” басмаканасында басылып чыгып, мектептерде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн атайын каралган. Жалпы 90 миң 380 нускада Алиппе өлкөнүн бардык аймактарындагы

2025-жылы Кыргызстанда 1545 км жол оңдолуп, курулган

2025-жылы Кыргызстанда 1545 км жол оңдолуп, курулган

17-апрелде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылда аткарган иштери жана 2026-жылга карата аткарылуучу иш пландары каралган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, отурумда алгач министрликтин жалпы ишмердүүлүгү, өлкө

Бакудагы Алят портунда миңдеген жүк ташуучу унаалар топтолуп турат

Бакудагы Алят портунда миңдеген жүк ташуучу унаалар топтолуп турат

Бакудагы Алят эл аралык портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай турганы эл аралык маалымат булактары жарыялады. Жакынкы Чыгышта согуштан улам Иран кошуна өлкөлөрү менен чек араларын жапкан. Ошол себептен Азербайжан-Түркмөнстан паром маршруту аймакка Түркия жана Европадан товар ташуунун жападан жалгыз жолу болуп калган. Тажикстандык айрым ишкерлер

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкек шаарында жаңы кыска автобус маршруттары киргизилип, жүргүнчүлөргө айрым учурда бир нече транспортко отуруп барууга туура келерин шаар мэри Айбек Джунушалиев билдирди. Анын айтымында, мурда шаардагы тыгындарды жана экологиялык көйгөйлөрдү азайтуу максатында 4 миңге жакын микроавтобус каттамдан алынган. Учурда Бишкекте 1200гө жакын электробус жана газ менен жүргөн автобустар иштеп жатат.