Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулуп, 200 миң сом айып салынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерин текшерүү иштери уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсү, 102г дарегинде 9 кабаттуу турак үй мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды. Мындан тышкары, курулуш компаниясы техникалык регламенттерди, курулуш ченемдерин жана эрежелерин өз убагында аткарбагандыгы белгиленди.
Жыйынтыгында, курулуш иштерин жүргүзгөн “АрхиСтрой” ЖЧКсына административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле, мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.