Ар бир үчүнчү кепилдик — аялдарга: Кыргызстанда ишкер айымдарга колдоо өсүүдө

Ар бир үчүнчү кепилдик — аялдарга: Кыргызстанда ишкер айымдарга колдоо өсүүдө

"Кепилдик фонд" ААКсы Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоону ырааттуу улантып, өз бизнесин өнүктүрүп жаткан аялдар үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча аял ишкерлерге берилген кепилдиктердин үлүшү жалпы кепилдиктердин 32%ын түздү. Башкача айтканда, дээрлик ар бир үчүнчү кепилдик аялдардын бизнесин колдоого багытталган.

Аталган мезгилде фонд тарабынан 297 млн сомдон ашык суммага 123 кепилдик берилген. Натыйжада ишкерлер дээрлик 1 млрд 242 млн сом көлөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бул каражаттар айыл чарба, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу экономиканын ар түрдүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Жалпысынан, фонд иш алып барган мезгил аралыгында аял ишкерлерге 5 млрд 134 млн сомдон ашык суммага 7 802 кепилдик берилген. Мунун негизинде 15 млрд 339 млн сомдон ашык көлөмдө кредиттик каражаттар тартылып, өлкөдө аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошулууда.

Бүгүнкү күндө кепилдик колдоосун алган аялдар Кыргызстандын бардык аймактарында бизнес-долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып, экономикалык активдүүлүктүн туруктуу өсүшүнө жана диверсификациясына салым кошуп келишет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media