Таласта “Talas Connect” аталышындагы бизнес форум өттү

Таласта “Talas Connect” аталышындагы бизнес форум өттү

Таласта 500 катышуучуну чогулткан “Talas Connect” бизнес форуму өттү. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиршти.

Маалыматка таянсак, форум Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, башкы демөөрчү катары “Альянс Алтын” компаниясы колдоо көрсөттү.

Форумга облус аймагынан жана өлкөнүн башка аймактарынан келген 500гө жакын ишкер, бизнес-тренерлер, министрликтердин өкүлдөрү, банк секторунун адистери жана жаш стартап ээлери катышып, ишкердикти өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелерди кеңири талкуулашты.

Иш-чаранын ачылышында Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Жумаев сөз сүйлөп, аймакта туризм, кайра иштетүү өнөр жайы жана өндүрүш секторунда жаңы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик инвесторлор менен ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media