Бизнестеги айымдар: насаатчылык ишкер айымдарга кантип жардам берет

Бизнестеги айымдар: насаатчылык ишкер айымдарга кантип жардам берет

ЕРӨБдүн "Бизнестеги айымдар" кредиттик линиясы боюнча каржылык эмес кызматтар Кыргызстандагы ишкер айымдарды өнүктүрүүгө кандайча колдоо көрсөтөт. Кыргызстанда ишкер айымдар үчүн насаатчылык программанын бешинчи сезону старт алды. Ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) «Бизнестеги айымдар» программасынын каржылык эмес кызматтарынын (NFS) алкагында FINCA Банк менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Жаңы сезонго өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан 36 лидер кыз-келиндер катышып, жети ай бою тажрыйбалуу насаатчылар менен биргеликте өз бизнесин өнүктүрүү жана масштабдоонун үстүндө иштешет.

 Насаатчылык программа ЕРӨБдүн "Бизнестеги айымдар" комплекстүү сунушунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал өнөктөш банктар аркылуу каржылык инструменттерди жана насаатчылыкты, окутууну жана менеджментти өнүктүрүүнү камтыган каржылык эмес колдоону айкалыштырат. Демилге 2019-жылы Кыргызстанда ишке киргизилгенден бери, насаатчылык программага эки жылдан ашуун бизнес кылган же башкарган 300дөн ашык кыз-келин катышты. Алардын көбү рыноктогу позициясын бекемдеп, кирешесин көбөйтүп, ишмердүүлүгүнүн географиясын кеңейте алышты.

""Бизнестеги айымдар" программасынын алкагындагы насаатчылык компонентке болгон кызыгуунун өсүшүн, бизнести өстүрүү жана өзгөртүү этаптарында каржылык эмес колдоо көрсөтүүгө ишкер айымдардын суроо-талабы жогору болгондугу тастыктап турат. FINCA Банк сыяктуу өнөктөш банктар менен биргеликте биз каржылоого гана мүмкүнчүлүк бербестен, бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүн тажрыйбалык куралдарды да сунуштайбыз", - деп белгилейт ЕРӨБдүн Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык директору Айтен Рустамова.

 Программанын бешинчи сезонуна өлкөнүн алты аймагынан келген ишкер айымдар катышууда, алардын айрымдары FINCA Банктын кардарлары болуп саналат. Катышуучулардын бизнеси билим берүү, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, соода, туризм жана айыл чарба сыяктуу тармактарга таандык. "Бизнестеги айымдар" программасынын каржылык эмес кызмат көрсөтүү компонентинин алкагында алар насаатчылар менен биргеликте жаңы өсүү багыттарын аныктоо, бизнес-процесстерди жакшыртуу, илгерилетүү стратегиясын иштеп чыгуу жана башкаруу көндүмдөрүн чыңдоо үчүн иштешет.

 Программанын ачылышында FINCA Банктын Башкармасынын төрагасы Махмуд Саидахматов: "FINCA Банк үчүн "Бизнестеги айымдар" программасына катышуу - бул ишкер айымдар менен болгон иштин логикалык уландысы болуп саналат. Биз насаатчылыкты кардарларыбызды WiB алкагында ар тараптуу колдоонун маанилүү элементи катары карайбыз: каржылык продуктылар менен катар, каржылык эмес кызматтар аял ишкерлердин бизнесин туруктуу жана аң-сезимдүү өнүктүрүүгө жардам берет" - деп белгиледи.

Бешинчи сезондогу шакирт - Гулдана Шабданова "Логофея" логопедиялык борборлорунун түйүнүн башкарат. Гулдана медицина, педагогика жана психология боюнча үч жогорку билимге, ошондой эле кеңири бизнес тажрыйбага ээ. Азыр ал тармакты кеңейтип, логопедия боюнча автордук курстарын өткөрүүгө көңүл буруп жатат.

 "Мен дайыма жаңы нерселерди өнүктүрүп, сынап көрүүгө аракет кылам: соода жаатында бир нече долбоорлорум болду, бирок бүгүнкү күнү мен үчүн билим берүү артыкчылыктуу. Буга чейин бизнести өнүктүрүү үчүн FINCA Банктан насыя алгам, эми өзүмдүн билимимди бекемдеп жана кеңейтип, алга карай жылып, масштабдоону каалап жатам. Мен жаңы тажрыйба жана колдоо үчүн программага кошулуп жатам", - дейт ишкер айым.

 Сатуу боюнча эксперт - Азат Шаймерденов шакиртке маркетинг жана кардар менен өз ара аракеттенүүгө башкача көз карашта кароого жардам берет.

 Максаттардын бири - сатууну таңуулап же манипуляция кылуунун кереги жок экенин түшүндүрүү. Бул биздин жашообуздун табигый бөлүгү, анткени биз байкабаганыбыз менен 24/7 үзгүлтүксүз сатып жатабыз. Мен үчүн программага катышуу - бул билимим менен бөлүшүп, сынап көрүү, кызыктуу тажрыйба топтоо жана балким, өз коркуу сезимимди жеңүү болсо керек", - деп бөлүштү насаатчы.

 Насаатчылык программа насаатчы менен жекече иштөөнү жана топтук тренингдерди, ишканаларды тааныштыруучу экскурсиялар жана нетворкингдерди камтыйт. Мындай ыкма бизнес көндүмдөрүн гана өнүктүрбөстөн, ишкерлерге мыкты тажрыйба менен бөлүшүп, пайдалуу байланыштарды түзө ала турган кесиптик коомчулуктун бир бөлүгү болууга мүмкүндүк берет.

Насаатчылык программа ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» кредиттик линиясы боюнча сунушталган, финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында, FINCA банк менен биргеликте, ишкер аялдар үчүн Финансылык демилгенин (We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБдүн чакан бизнеске таасир этүүчү Фонду (Ирландия, Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань ЕРӨБдүн Бизнес-фонд техникалык кызматташтыгы, Бириккен Королдук жана АКШ) аркылуу ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып