Чүйдө чыгарылган корей салаты коңшу өлкөлөргө экспорттолууда

Чүйдө чыгарылган корей салаты коңшу өлкөлөргө экспорттолууда

Чүй облусундагы “Айджен Компани” ЖЧКсы корей салатын өндүрүүнү кеңейтүүдө. Компания жакында Кытайдан заманбап жабдууларды алып келип, эми күнүнө 4 тоннага чейин капустаны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 

Өндүрүлгөн салаттар Кыргызстан менен катар Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолот.

Компания керектүү жашылчаларды 9 гектар аянттагы күнөсканада өзү өстүрөт. Ишкана 10 жылдан бери иштеп келет. Учурда бул жерде 12 адам туруктуу эмгектенип, күнүнө 1,5 тонна даяр салат чыгарылууда.

Даяр продукциянын сактоо мөөнөтү 40 күнгө чейин жетет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media