Салык кызматы иш жүргүзбөгөн ишкерлерди каттоодон чыгарууда

Салык кызматы иш жүргүзбөгөн ишкерлерди каттоодон чыгарууда

Мамлекеттик салык кызматы иш жүргүзбөгөн юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди мажбурлап каттоодон чыгаруу иштерин улантууда.

Маалыматка ылайык, төмөнкү учурларда салык төлөөчүлөр каттоодон чыгарылат:

  • 1 жылдан ашык убакыт салык отчету тапшырылбаса;
  • акыркы 2 жыл ичинде экономикалык ишмердүүлүк боюнча маалымат болбосо.
Белгиленгендей, процесс автоматтык түрдө жүргүзүлүп, айып санкциялары каралган эмес. Бул чара салык базасын жаңылоо жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү максатында ишке ашырылууда.

Учурда каттоодон чыгарылуучу тизмеге жалпы 21 миң 584 салык төлөөчү кирген. Анын ичинен:

  • 8 миң 712си юридикалык жак;
  • 12 миң 872си жеке ишкер.

Салык кызматы каттоодон чыгарылуучу жарандардын тизмеси мекеменин расмий сайтындагы "Башка бөлүмдөр" бөлүмүндө жарыяланганын маалымдады.

Эгер салык төлөөчү өзүн тизмеден таап, ишмердүүлүгүн улантууну кааласа, салык органына кайрылып, тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми ишмердүүлүгүн токтотууну пландагандар үчүн кошумча аракеттер талап кылынбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media