Бишкекте DSKA металл конструкцияларын чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Бишкекте DSKA металл конструкцияларын чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Бишкекте DSKA компаниясынын металл конструкцияларын жана ширетилген болот устундарын өндүрүүчү заводунун биринчи колоннасын орнотуу аземи болуп өттү.

Жаңы ишкананын ишке кириши менен компаниянын өндүрүштүк кубаттуулугу үч эседен ашык көбөйөт. Ошондой эле завод өлкөдөгү ушул багыттагы эң ири өндүрүш объектилеринин бири болот.

DSKA компаниясы Бишкекте жаңы металл конструкциялары заводунун курулушун баштады. Долбоордун башталышынын символу катары келечектеги өндүрүш комплексинин бийиктиги 13 метр, салмагы 3 тонна болгон алгачкы колоннасы орнотулду.

Компания салтка айланган мезгил кутучасын салуу аземинин ордуна курулушту келечектеги имараттын негизин түзгөн алгачкы колоннаны орнотуу менен баштады.

“Биз Кыргызстанда курулуш, долбоорлоо жана металл конструкцияларын өндүрүү тармагында он жылдан ашык убакыттан бери иштеп келебиз. Жаңы заводдун алгачкы колоннасы өзүбүздүн иштеп жаткан өндүрүш ишканабызда даярдалганы өзгөчө символикалык мааниге ээ. Бул биз үчүн Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүүсүндөгү жаңы баракты ачкан өзгөчө толкунданткан учур”, – деди DSKA компаниясынын башкы директору Темирбек Чодуров.

Компаниянын планына ылайык, жаңы завод ай сайын миң тоннадан ашык металл конструкциясын өндүрөт. Салыштыруу үчүн айтсак, учурдагы өндүрүш көлөмү айына 300 тоннага чейин жетет.

Өндүрүштө заманбап өндүрүш линиялары, роботтоштурулган техника жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жабдуулар колдонулат. Компания жергиликтүү өндүрүштүн кеңейиши өлкөнүн өнөр жай потенциалын бекемдеп, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга өбөлгө түзөт деп ишенет.

“Биз үчүн негизги артыкчылык – Кыргызстан. Өлкө рыногуна жигердүү кирип жаткан кытайлык компаниялар менен атаандашууга даярбыз. Өз жерибизде бекем орун алып, бардык багыттар боюнча өнүгүп, сапатыбызды мындан ары да жакшыртууга аракет кылабыз”, – деди Чодуров.

Компания келечекте өндүрүлгөн продукцияны Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан баштаган Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттоону көздөөдө. 

Учурда компанияда 140ка жакын кызматкер эмгектенет. Жаңы завод ишке берилгенден кийин өндүрүш кызматкерлеринин саны болжол менен эки эсеге көбөйүп, штат кыйла кеңейтилет. Мындан тышкары долбоор инженерлерге, долбоорлоочуларга, куруучуларга жана ага байланышкан тармактарга да оң таасирин тийгизет.

Заводдун расмий ачылышы ушул жылдын 1-ноябрына пландалган. Компаниянын башкы директорунун айтымында, учурда пайдубал куруу иштери толугу менен аяктап, жаңы өндүрүш үчүн жабдуулар жакынкы бир айдын ичинде жеткирилет.

Жаңы заводдун биринчи колоннасын орнотуу аземине мамлекеттик мекемелердин, бизнес коомчулугунун жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев мындай долбоорлор ата мекендик өнөр жайдын өнүгүп жатканын жана заманбап технологиялардын өндүрүшкө кеңири киргизилип жатканын көрсөтөрүн белгиледи.

“2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 800 млрд сомго жетип, мурунку жылга салыштырмалуу 10,6% өскөн. Анын ичинен кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясынын көлөмү 637 млрд сомду түзүп, жалпы өнөр жай өндүрүшүндөгү үлүшү дээрлик 80%га жеткен. Ал эми быйылкы жылдын алгачкы 5 айында экономика туруктуу өсүштү көрсөтүп, көрсөткүч болжол менен 12%ды түздү. Ишкерлер менен ишканалардын кошумча наркты жаратууга жана өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымынын аркасында 2026-жылдын жыйынтыгы өткөн жылдагы көрсөткүчтөрдөн жогору болот деп болжолдонууда, — деп белгиледи Данияр Амангельдиев.

Сөзүнүн соңунда Данияр Амангельдиев компанияга мындан аркы ийгиликтерди каалап, долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына тилектештигин билдирди.

Расмий аземден кийин коноктор арасында байге ойнотулуп, баш  байге катары DSKA компаниясы тарабынан 50 тонна металл конструкциясын өндүрүүгө сертификат тапшырылды.

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media