Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине 3 компания киргизилди

Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине 3 компания киргизилди

2026-жылдын 30-июнунда КРнын Экономика жана коммерция министрлигинде КРнын ишкердик субъекттерин Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине киргизүү үчүн тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө ведомстволор аралык комиссия ишкердик субъекттеринин Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине киргизүү боюнча 26 арызды кароого алды. Анын жыйынтыгы боюнча Реестрге 3 компанияны киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

КРнын Ак ниеттүү ишкерлердин реестри ата мекендик бизнеске болгон ишенимди жогорулатуу, социалдык жоопкерчиликтүү ишкерликти колдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө максатында түзүлгөн.

Реестрге киргизүү ишкердик субъекттеринин жогорку ишкердик беделин, ишенимдүүлүгүн жана ак ниеттүүлүгүн ырастайт, ошондой эле мамлекеттик органдар, бизнес-өнөктөштөр жана потенциалдуу инвесторлор менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Реестрге киргизилген компаниялардын тизмеси КРнын Экономика жана Коммерция министрлигинин жана КРнын Соода-өнөр жай палатасынын сайттарында жайгаштырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media