Курулуш тармагындагы ишкерлердин көйгөйлөрү көзөмөлгө алынды

Курулуш тармагындагы ишкерлердин көйгөйлөрү көзөмөлгө алынды

Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу М.М. Бектурганов курулуш тармагында иш жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда жер тилкелерин берүү, уруксат берүүчү документтерди тариздөө, курулуш долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү жана мамлекеттик көзөмөл органдарынын ишмердүүлүгүндө мыйзам талаптарынын сакталышы каралды.

Ошондой эле административдик жол-жоболордун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышына, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө, ошондой эле ишкерлерге карата текшерүүлөргө киргизилген мораторийдин талаптарынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүмдөрүнө ишкерлер көтөргөн маселелерди текшерүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аракеттерине укуктук баа берүү жана мыйзам бузуу аныкталса прокурордук чара көрүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, мыйзамдарды жана административдик жол-жоболорду өркүндөтүүнү талап кылган системалуу маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте каралары белгиленди. Берилген тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media