Кыргыз-өзбек бизнес форуму өткөрүлдү

Кыргыз-өзбек бизнес форуму өткөрүлдү

22-июлда Ош шаарындагы “Jannat Resort”мейманканасында Кыргызстанменен Өзбекстандын ишкерлеринин бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумду Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ачып, форумдун ишине ийгиликтерди каалап, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга тилектеш экенин билдирди. Иш-чарага Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Кыргызстандын жана Өзбекстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Өзбекстандан келген 80ге жакын ишкер катышкан форумда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Ош шаарынын туристтик потенциалы боюнча презентация өтүп, шаардагы туристтик багыттарды өнүктүрүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары катышуучулар Ош шаарында ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык, шаар куруу жана социалдык-экономикалык долбоорлор менен таанышышты.

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52