Wildberries кампаларындагы окуя: Кыргызстандык ишкерлердин чыгымы бааланууда

Wildberries кампаларындагы окуя: Кыргызстандык ишкерлердин чыгымы бааланууда

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 21-июлда Кыргыз Республикасындагы Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү А. Воробьев менен жолугушуу өткөрдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык борборлоруна учкучсуз учуучу аппараттар менен жасалган чабуулдун кесепеттери талкууланды. Окуядан кампаларда товарлары сакталган кыргызстандык тигүү тармагынын өкүлдөрү да жабыркаганы белгиленди.

Учурда Wildberries-Russ компаниясы келтирилген зыянды баалоо иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жабыркаган кампалардын көлөмү аныкталып, кампаларда сакталган товарларга, анын ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияга инвентаризация жүргүзүлүп жатат.

Министрлик ошондой эле ата мекендик тигүүчүлөрдүн алдын ала чыгымын аныктоо үчүн сурамжылоо аркылуу маалыматтарды чогултууда. Мындан тышкары, Wildberries-Russ компаниясы менен биргеликте жоголгон товарлардын так көлөмүн аныктоо жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.

Баалоо жана талдоо иштери аяктагандан кийин, келип чыккан маселелерди жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөрү маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media
Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат

Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат

Чаткал районунун 11 айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн өлкө башчысы Садыр Жапаров район тургундары менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, учурда райондун алты айылы таза ичүүчү суу менен камсыздалган. Ал эми калган калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн долбоордук-сметалык

Ишкер Media
Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси акыркы беш жылда 2,3 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү кирешеси 2021-жылы 112 млн сомду түзсө, 2025-жылы 262 млн сомго жеткен.

Ишкер Media