Бишкектеги жүн иштетүүчү ишкана жылына 400 тоннага жакын чийки зат сатып алат

Бишкектеги жүн иштетүүчү ишкана жылына 400 тоннага жакын чийки зат сатып алат

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкектеги "Wool KG" жүн иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана жергиликтүү жүндү кабыл алып, жууп, кайра иштетүү жана тарак жүнүн өндүрүү менен алектенет. Учурда компания Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы фермерлерден жылына 400 тоннага жакын жүн сатып алат.

Бүгүнкү күндө өндүрүштө 71 адам иштейт. Ишкананы кеңейтүү менен дагы 50дөн ашык жаңы жумуш ордун түзүү мерчемделген.

Министр Эрлист Акунбеков жүндү өлкө ичинде кайра иштетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындай долбоорлор ата мекендик чийки затты пайдаланууну көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media
Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат

Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат

Чаткал районунун 11 айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн өлкө башчысы Садыр Жапаров район тургундары менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, учурда райондун алты айылы таза ичүүчү суу менен камсыздалган. Ал эми калган калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн долбоордук-сметалык

Ишкер Media
Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси акыркы беш жылда 2,3 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү кирешеси 2021-жылы 112 млн сомду түзсө, 2025-жылы 262 млн сомго жеткен.

Ишкер Media