Юридикалык жактар августка чейин бенефициардык менчик ээлерин каттатышы керек

Юридикалык жактар августка чейин бенефициардык менчик ээлерин каттатышы керек

Юстиция министрлиги 1-мартка чейин мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр 1-августка чейин өздөрүнүн бенефициардык менчик ээлери тууралуу маалыматтарды каттоочу органга берүүгө милдеттүү экенин эскертти.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул талап Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги №257 токтомунда каралган.

Маалыматтар Юстиция министрлигинин 30-апрелдеги буйругу менен бекитилген атайын форма боюнча министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө тапшырылат. Форма министрликтин расмий сайтына жайгаштырылган.

Ошондой эле юридикалык жактын менчик түзүмү өзгөргөн учурда, бенефициардык менчик ээси тууралуу жаңыланган маалымат да өз убагында берилиши керек.

Министрлик талаптарды аткарбагандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Бенефициардык менчик ээлери тууралуу маалыматтарды берүү талаптарын бузган жеке жактарга 12 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 57 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Юстиция министрлиги юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү толук жана ишенимдүү маалыматтарды белгиленген мөөнөттө берүүгө чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media
ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media