Мамлекет тарабынан тигүү тармагына салыктык жеңилдиктер киргизилди

Мамлекет тарабынан тигүү тармагына салыктык жеңилдиктер киргизилди

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун жетекчилиги алдында мамлекеттик органдардын, ата мекендик тигүү тармагынын ишканаларынын жана эл аралык маркетплейстер аркылуу продукциясын саткан селлерлердин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык маркетплейстердин ири логистикалык борборлорунун ишиндеги үзгүлтүктөргө байланыштуу электрондук соода рыногунда түзүлгөн кырдаалдын кесепеттери талкууланды. Катышуучулар белгилегендей, жаралган жагдай маркетплейстер аркылуу продукциясын экспорттогон ата мекендик ишкерлердин ишмердүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизип, мамлекеттик колдоонун ыкчам чараларын көрүүнү талап кылууда.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков салыктык жүктү азайтуу жана ата мекендик бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо максатында Салык кызматы тигүү тармагынын ишканалары үчүн учурда түшкөн кирешенин 0,25 %ын түзгөн бирдиктүү салыктын ставкасын үстүбүздөгү жылдын аягына чейин убактылуу нөлгө түшүрүүнү сунуштап жатканын белгиледи. Ушундай эле чара, анын ичинде эл аралык маркетплейстер аркылуу товарларды саткан ишкердик субъекттерине карата да сунушталууда. Алар үчүн учурда бирдиктүү салыктын ставкасы 2 %ды түзөт.

Бул демилге учурдагы экономикалык шарттарда ата мекендик бизнести колдоого, жумуш орундарын сактап калууга, өндүрүштү жана экспортту стимулдаштырууга, ошондой эле электрондук коммерцияны мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.
Кеңешменин жүрүшүндө бүгүнкү күндө маркетплейстер аркылуу болжол менен 30 миңге жакын ишкердик субъекти иш алып барары жана алардын саны жыл сайын өсүп жатканы белгиленди. Сунушталып жаткан чаралар Кыргызстандын электрондук соода жүргүзүү жана ишкердикти каттоо үчүн жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык маркетплейстердин логистикалык инфраструктурасындагы үзгүлтүктөрдүн кесепетинен жабыркаган ишкердик субъекттеринин санын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

 

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media