Ишкерлер салык режимин 15 күндүн ичинде өзгөртө алышат

Ишкерлер салык режимин 15 күндүн ичинде өзгөртө алышат

Ишкердикти мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө тандалган салык режими ылайыксыз болуп калса, аны 15 календардык күндүн ичинде өзгөртүүгө мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкер бизнесин мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө салык режимин өз алдынча тандайт.

Эгер тандалган салык режими ишкердин ишмердүүлүгүнө ылайык келбей калса, мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде аны өзгөртүү боюнча арыз берүүгө болот.

Эгер бул мөөнөт өтүп кетсе, салык режимин өзгөртүү жалпы тартипте гана жүргүзүлөт.

Арызды салык органына барбастан эле Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн тапшыруу мүмкүн.

Салык кызматы ишкерлерди электрондук кызматтарды колдонууга чакырып, бул убакытты үнөмдөөгө жана мамлекеттик кызматтарды ыңгайлуу алууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media
МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media
Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Инженердик изилдөөлөр департаменти Бөкөнбаев көчөсү 137 дарегиндеги 14 кабаттуу административдик комплекс курула турган аянтта геологиялык изилдөө жасады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, адистер 35 метр тереңдикте бургулоо жүргүзүп, топурак үлгүлөрүн алышты. Лабораторияда топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталып, бул маалыматтар имараттын долбоорун даярдоодо жана коопсуздугун камсыз кылууда колдонулат. Инженердик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын достук мамилелери жана соңку жылдардагы кызматташтыктын активдешүүсүн белгиледи. Жолугушууда экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, биргелешкен долбоорлор, финансы жана билим

Ишкер Media