“Мадина” базары 1-августта жабылбай турган болду

“Мадина” базары 1-августта жабылбай турган болду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Мадина” базары боюнча пикирин билдирди. 

Жунушалиев “Мадина” базары да, жаңы базар да жеке менчик болуп саналарын, ошол эле учурда мэрия менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрөрүн билдирди.

Буга чейин мэр ишкерлер менен бирге жаңы базарга барган жана анда бир катар кемчиликтер аныкталган.

Ошондой эле ишкерлердин демилгеси менен макулдашуу комиссиясы түзүлгөн. Бирок комиссия күтүлгөн натыйжаны бербегендиктен, ишин аяктаган. 

Соода орундарынын ижара шарттары азыркыдай сакталат, бирок акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды. “Мадина”  базары 1-августтан тарта жабылбай турган болду. 

Ишкерлерге жаңы жерге жайгашып алуу үчүн этап-этабы менен көчүүгө кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мезгил берилет. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media
МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media