Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор жаңы кабинетке көчүрүлдү
Кошумча нарк салыгы боюнча бардык отчеттор эми салык төлөөчүнүн жаңы кабинетине көчүрүлдү. Бул тууралуу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин айрым отчеттор менен иштөө жана тапшырылган документтердин тарыхын көрүү үчүн эски тутумга өтүүгө туура келген.
Салыктын жаңы кабинетине (cabinet.salyk.kg.) КНС боюнча отчеттордун бир нече түрү:
- 2020-жылдын 1-июлунан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил үчүн 62_5 версиясындагы отчет;
- 2022-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил үчүн 62_6 версиясындагы отчет;
- 2024-жылдын 1-июлунан кийинки мезгилдер үчүн 62_7 версиясындагы отчет;
- НДС боюнча салык агентинин 167-формасы кирди.
Эми салык төлөөчүлөр отчетторду көрүү жана алардын тарыхын текшерүү иштерин бир кабинет аркылуу жүргүзө алышат.