Мэрия: Бишкекте ишкерлерден мыйзамсыз акча талап кылгандарга чара көрүлөт

Мэрия: Бишкекте ишкерлерден мыйзамсыз акча талап кылгандарга чара көрүлөт

Бишкек мэриясында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жыйынга мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Кеңешмеде Бишкекте эл аралык маанидеги ири иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү учурунда мыйзам талаптарын так сактоо маселеси талкууланды.

Өзгөчө көңүл ишкерлер менен иш алып барууга бурулду. Мэрия иш-чараларды өткөрүүнү шылтоо кылып, ишкерлерди оңдоо же көрктөндүрүү иштерине, товар жана кызмат сатып алууга мажбурлоого, ошондой эле алардан акча талап кылууга же чогултууга жол берилбей турганын белгиледи.

Кызматтык абалынан пайдаланып ишкерлерге мыйзамсыз басым көрсөтүү, материалдык пайда талап кылуу же алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактылары аныкталса, тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлөт.

Жыйынтыгында жетекчилерге кызматкерлердин ишине көзөмөлдү күчөтүү, коррупциялык көрүнүштөргө жана мыйзамсыз талаптарга жол бербөө тапшырылды.

Мэрия коррупция, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media