Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген
Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан.
Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк, юридикалык кызмат көрсөтүү жана башка тармактарда иштеген компаниялар кызыкдар экенин билдиришкен.
Ишкерлер менен болгон жолугушууда Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев мекеменин ишмердүүлүгү жана мүчөлөр үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.
Анын белгилешинче, палатага мүчө болуу ишкерлерге жаңы бизнес байланыштарды түзүүгө жана эл аралык форумдарга катышууга, чет өлкөлүк өнөктөштөрдү табууга жана жаңы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо жана бизнес чөйрөсүнө таасир эткен маселелерди талкуулоого катышуу мүмкүнчүлүгү каралганы айтылды.


