"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу — "Финансылык Альянс" ЖЧКсы "Инвестиция сал жана утуп ал" аттуу стимулдаштыруучу лотереяны өткөрөт. Лотерея 2026-жылдын 25-августунан 25-сентябрына чейин жана 26-сентябрынан 26-октябрына чейин эки этапта өткөрүлөт. Байге фондунун жалпы суммасы — 629 630 сом.

"Инвестиция сал жана утуп ал" лотереясы металл продукцияларын өндүрүүчү "Азия Сталь" ААКсынын артыкчылыктуу акцияларын сатып алууга кошумча iPhone 17 Pro Max, iPhone Air жана Sony PlayStation 5 сыяктуу баалуу байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Катышуу үчүн Namba One платформасына катталып, верификациядан өтүп, "Азия Сталь" ААКсынын артыкчылыктуу акцияларын сатып алуу керек. Ар бир катышуучуга жеке кабинетинде автоматтык түрдө лотереялык код берилет: сатып алынган ар бир акцияга бирден код туура келет. Мында катышуучу лотерея билетин сатып албайт — ал өзүнүн менчигинде кала турган баалуу кагаздарды сатып алат. Лотереяга катышуу үчүн өзүнчө төлөм алынбайт.

Биринчи этапка катышуу үчүн ар бири 4 миң сом турган кеминде төрт акция сатып алуу керек. Экинчи этапта жаңы катышуучулар үчүн шарттар өзгөрүүсүз калат. Ал эми биринчи этапта төрт акция сатып алгандар катышуусун улантуу үчүн кеминде дагы эки акция сатып алса, жаңы лотереялык коддорду алышат. Биринчи этапта берилген коддор экинчи этаптагы утуш оюнунда эске алынбайт.

Мындан тышкары, каттоодон өткөн ар бир инвесторго жеке чакыруу шилтемеси берилет. Эгер жаңы катышуучу ошол шилтеме аркылуу акция сатып алса, аны чакырган инвесторго кошумча лотереялык коддор берилет.

"Акциянын негизги максаты — элди Кыргызстандын компанияларынын баалуу кагаздарына инвестиция салууга тартуу жана фондулук рынок ар бир адам үчүн жеткиликтүү экенин көрсөтүү. Инвестициялоону 16 миң сомдон баштоого болот, ал эми акцияларды тиркеме аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде сатып алууга болот.

Мында катышуучунун акчасы лотерея билетине жумшалбайт, тескерисинче, анын менчигинде кала турган активге — баалуу кагаздарга салынат. Акцияларга болгон укуктар EVDE депозитарийинде катталат, ал эми баалуу кагаздар биржада жүгүртүлөт. "Азия Сталь" компаниясынын артыкчылыктуу акциялары боюнча жылына 19%га чейин дивиденд алуу каралган. Дивиденддер компаниянын таза кирешесинин эсебинен, акционерлердин жалпы жыйынынын чечимине ылайык төлөнөт.

Албетте, инвестиция салуу ар дайым тобокелдик менен коштолот жана акциялардын баасы төмөндөп кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул лотереяны биринчи кезекте фондулук рынок кандай иштээрин түшүнүп, аз сумма менен инвестиция салып көрүүгө мүмкүнчүлүк катары уюштурдук. Байгелер болсо — жагымдуу кошумча", — деп белгиледи Envoys Vision Digital Exchange (EVDE) биржасынын долбоордук менеджери Даурхан Ойшиев.

Байгелер "Финансылык Альянстын" Instagram баракчасында жана Telegram-каналында түз эфирде ойнотулат. Жеңүүчүлөр катышуучуларга берилген лотереялык коддордун арасынан Random.org программасы аркылуу кокустук менен аныкталат. Лотереянын эки этабынын жыйынтыгында бардыгы 6 жеңүүчү аныкталат.

Уюштуруучу жеңүүчүлөргө 24 сааттын ичинде жеке кабинети, электрондук почта жана телефон аркылуу кабарлайт. Лотереянын жыйынтыгы байгелер ойнотулгандан кийин 10 күндүн ичинде fa.kg сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Байге фонду "Финансылык Альянстын" өз каражатынын эсебинен түзүлгөн. Байгеге байланыштуу салыкты уюштуруучу өзү төлөйт — жеңүүчүдөн кошумча төлөм талап кылынбайт. Байгелер жеңүүчү кайрылгандан кийин 10 күндүн ичинде компаниянын кеңсесинде тапшырылат же Кыргызстандын аймактарына курьер аркылуу жеткирилет.

Лотереяга 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргызстанда жашоого уруксаты бар адамдар катыша алышат.

Акциянын шарттары тууралуу толук маалыматты www.fa.kg сайтынан, ошондой эле "Финансылык Альянстын" социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан алууга болот.

Стимулдаштыруучу лотереянын уюштуруучусу — "Финансылык Альянс" ЖЧКсы. Лотерея Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын СЛ сериясындагы №0270 (2026-жылдын 24-июну) уруксатынын жана баалуу кагаздар рыногунда брокердик ишти жүргүзүүгө берилген БД сериясындагы №0022 лицензиянын негизинде өткөрүлөт. 18+. Катышуу үчүн өзүнчө төлөм алынбайт. Бул инвестициялык кеңеш болуп саналбайт. Инвестиция салуу тобокелдик менен коштолот: акциялардын баасы төмөндөшү мүмкүн. Толук шарттары — fa.kg сайтында.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media
Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат

Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат

Чаткал районунун 11 айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн өлкө башчысы Садыр Жапаров район тургундары менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, учурда райондун алты айылы таза ичүүчү суу менен камсыздалган. Ал эми калган калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн долбоордук-сметалык

Ишкер Media
Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси акыркы беш жылда 2,3 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү кирешеси 2021-жылы 112 млн сомду түзсө, 2025-жылы 262 млн сомго жеткен.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Жакартада өтүп жаткан Креативдүү экономика боюнча V дүйнөлүк конференциянын (WCCE 2026) алкагында Кыргызстан менен Камбоджанын эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, кыргыз тараптан экономика министринин орун басары Беназир Нурланова, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев жана Креативдүү индустриялар паркынын төрагасы Данияр Аманалиев катышты. Камбоджадан - Маданият

Ишкер Media