Кыргызстанда бизнеске коррупцияга каршы эл аралык стандарттарды киргизүү талкууланды

Кыргызстанда бизнеске коррупцияга каршы эл аралык стандарттарды киргизүү талкууланды

Кыргызстанда коммерциялык уюмдардын ишине коррупцияга каршы эл аралык ак ниет башкаруу стандарттарды жана корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 16-октябрда өткөн иш-чарага банктардын, камсыздандыруу уюмдарынын, ломбарддардын, лизинг компанияларынын, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, баалуу кагаздар рыногунун жана кумар бизнесинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда CERT International эл аралык сертификациялоо органынын өкүлү Ильдар Инелеев ISO 37001 коррупцияга каршылык көрсөтүү системасынын талаптары, аны ишканаларга киргизүүнүн артыкчылыктары жана сертификациялоо тартиби тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле катышуучулар бизнесте коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана азайтуу, ишкердик этиканы сактоо, жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана корпоративдик башкарууну жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Маалыматка ылайык, бул иштер Кыргызстанда 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында жүргүзүлүүдө.

Финкөзөмөл мындай иш-чаралар бизнесте ачык-айкындуулукту камсыз кылууга, коррупциянын алдын алууга жана эл аралык башкаруу тажрыйбасын жайылтууга багытталганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору кышкы жылытуу сезонуна даяр

Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору кышкы жылытуу сезонуна даяр

20-октябрга карата Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук электр станциясынын орточо электр кубаттуулугу 160 МВтты түзөт. Электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 3,851 млн кВт/саатты, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү 2,4 миң гигакалорияны түздү. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жылуулук электр

Ишкер Media
Өлкөдө жаңы авиакомпанияларды ачууга киргизилген мораторий алынды

Өлкөдө жаңы авиакомпанияларды ачууга киргизилген мораторий алынды

Кыргызстанда жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификатын (AOC) берүүгө киргизилген тыюу алынды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кабарлап, мындай чечим өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. 2024-жылы киргизилген мораторий учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана авиация тармагын реформалоого багытталган убактылуу чара болгон.

Ишкер Media
Шакира башталышы гана... Дагы көп дүйнө жылдыздарынын келиши күтүлөт

Шакира башталышы гана... Дагы көп дүйнө жылдыздарынын келиши күтүлөт

Кыргызстанда мындан ары да дүйнөлүк жылдыздардын концерттерин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдирет. 18-октябрда "Бишкек аренада" өткөн Шакиранын концертине 40 миңден ашуун көрүүчү катышкан. Билеттерди 36 өлкөнүн жарандары сатып алышкан, ал эми чет өлкөдөн келген көрүүчүлөрдүн саны 10 миңден ашкан. "Бул жөн гана концерт

Ишкер Media
"Нелегал" рейдинде 13,4 млн сомдон ашык айып пул салынды

"Нелегал" рейдинде 13,4 млн сомдон ашык айып пул салынды

2026-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин Кыргызстанда миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Нелегал" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалым болгондой, иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулду. Рейддин

Ишкер Media