Төлөм жүргүзүү үчүн жылмайыңыз: BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди

Төлөм жүргүзүү үчүн жылмайыңыз: BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди

BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди. Бул жаңы ыкма менен сатып алган товарыңыздын акысын POS-терминалдын камерасына карап эле төлөй аласыз.

Банк картасын же смартфонду алып чыгуунун, QR-кодду сканерлөөнүн кереги жок. Кардардын өздүгү тастыкталгандан кийин төлөм бир нече секундда жүргүзүлөт.

"Жылмаюу менен төлөө" кызматынын ишке кириши BAKAI'дын төлөм технологияларын өнүктүрүүдөгү дагы бир кадамы болуп, банк картасы, QR-код жана NFC аркылуу төлөө ыкмаларынын катарын толуктады.

"Жылмаюу менен төлөө" кызматы кантип иштейт?

Бул кызматты BAKAI мобилдик тиркемесинен акысыз кошуп алсаңыз болот. Ал үчүн профилиңизге кирип, "Коопсуздук" бөлүмүнөн "Жылмаюу менен төлөө" кызматын кошуңуз.

Төлөмдөр үчүн негизги катары сиз тандаган сомдук карта колдонулат.

Кызматты колдонуу абдан оңой. Кассада "Жылмаюу менен төлөө" кызматы аркылуу төлөгүңүз келгенин айтып, BAKAI'дын POS-терминалынын камерасына караңыз. Өздүгүңүз тастыкталгандан кийин төлөм автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Аны BAKAI мобилдик тиркемесинен кошумча ырастоонун кереги жок.

Коопсуздук максатында "Жылмаюу менен төлөө" кызматы аркылуу бир жолку төлөмдүн суммасы 4 000 сом менен чектелген.

Бул кызматты толук же аралыктан идентификациядан өткөн, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон BAKAI кардарлары колдоно алышат. Кызматты каалаган убакта өчүрүп койсоңуз болот.

Ишенимдүү коргоодо

Жаңы кызматта коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулган.

• Сүрөт же видеону көрсөтүп төлөөгө болбойт. Система камеранын алдында чыныгы адам турганын текшерет.
• Башка бирөөнүн сатып алган товарынын акысын жаңылыш төлөп албайсыз. Эгер камерага бир нече адам түшүп калса, төлөм жүргүзүлбөйт.
• Биометрикалык маалыматтар ишенимдүү корголот. Алар төлөмдү ырастоо үчүн колдонулат, шифрленген түрдө сакталат жана корголгон каналдар аркылуу өткөрүлөт.
• Ар бир операция банктын коопсуздук текшерүүсүнөн өтөт.

"Жылмаюу менен төлөө" кызматы кайсы жерлерде иштейт?

"Жылмаюу менен төлөө" кызматы Бишкектеги PAUL ресторандарында жеткиликтүү:

• PAUL, Чыңгыз Айтматов атындагы парк, Касым Тыныстанов көчөсү, 116а;
• PAUL, A Plus бизнес-борбору, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 243;
• PAUL, «Дордой Плаза» соода борбору, Ибраимов көчөсү, 115/2.

BAKAI жаңы төлөм технологиясына кошулуу боюнча соода жана тейлөө ишканаларынан арыздарды кабыл ала баштады. Кызмат жеткиликтүү болгон жайлардын саны акырындап көбөйүп, келечекте Кыргызстан боюнча дагы көптөгөн дүкөндөрдө, ресторандарда жана башка жайларда жылмаюу менен төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Соода жана тейлөө ишканалары үчүн жаңы төлөм ыкмасына кошулуу кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

BAKAI'дын камерасы бар атайын POS-терминалдары аркылуу банк карталары, QR-код жана NFC менен катар «Жылмаюу менен төлөө» кызматы боюнча да төлөмдөрдү эквайрингдин колдонуудагы тарифтери боюнча кабыл алууга болот.

"Биздин максат - ар бир кардарга өзүнө ыңгайлуу жол менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү. Банк картасы, QR-код, NFC технологиясын колдогон смартфон, эми болсо жылмаюу менен да төлөөгө болот. "Жылмаюу менен төлөө" кызматы кардарлар үчүн төлөм жүргүзүүнү дагы ыңгайлуу жана коопсуз кылат. Ал эми бизнеске кардарларды тейлөөнү тездетүүгө жана тейлөө сапатын жогорулатууга жардам берет", - деп белгиледи BAKAI'дын Башкармасынын төрагасы Тимур Ибрагимов.

BAKAI санарип кызматтарын өнүктүрүп, кардарлардын күнүмдүк жашоосуна заманбап технологияларды киргизүүнү улантууда.

BAKAI'дын "Жылмаюу менен төлөө» кызматы - сатып алган товарыңыздын акысын камерага карап эле төлөөгө мүмкүнчүлүк берген келечекке карай дагы бир кадам!

"Жылмаюу менен төлөө" кызматын колдонуп көрүңүз жана PAUL'дан кофени болгону 1 сомго алыңыз!

Кыргызстанда биринчи жолу ишке кирген "Жылмаюу менен төлөө" кызматына карата BAKAI PAUL менен биргеликте атайын акция өткөрүүдө.

BAKAI'дын "Жылмаюу менен төлөө" кызматы аркылуу каалаган кофеңиздин акысын төлөңүз. Ар бир кофе болгону 1 сом!

Мындан тышкары, круассанды белекке алсаңыз болот! Ал үчүн BAKAI менен PAUL'дун аккаунттарына жазылып, Stories'ке сүрөт же видео жарыялаңыз. Эки аккаунтту тең белгилеп, төмөнкү жазууну кошуңуз:

"BAKAI'дын "Жылмаюу менен төлөө" кызматы аркылуу төлөп, кофени болгону 1 сомго алыңыз!"

Акция 2026-жылдын 22-октябрдан 20-ноябрына чейин күчүндө болот.

Акциянын алкагында бир төлөмдө 5 кофеге чейин, ар бирин 1 сомдон сатып алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы №219 буйругу менен 2026-жылдын 22-октябрынан тартып 90 күнгө республиканын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин билдирди. Билдирүүгө караганда, мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү рыноктогу кырдаалга жараша узартылышы мүмкүн. Министрликтин буйругун аткаруу максатында Монополияга

Ишкер Media
Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө "Манас" социалдык айылында майыптыгы бар адамдар үчүн төртүнчү турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Гүлмира Кыштобаева жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты. Аталган

Ишкер Media
Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди

Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 25 мектепке Starlink терминалдарын тапшыруу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жабдуулар компания тарабынан акысыз берилип, мектептерди жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернет менен камсыздайт. Демилге алыскы айылдардагы билим берүү, медициналык жана социалдык объектилерди заманбап

Ишкер Media
“Кепилдик фонд” ААКнун уставдык капиталы 10,06 млрд сомго чейин көбөйдү

“Кепилдик фонд” ААКнун уставдык капиталы 10,06 млрд сомго чейин көбөйдү

“Кепилдик фонд” ААКсынын уставдык капиталы 3 млрд 430 млн сом суммасындагы акциялардын кошумча чыгарылышынын натыйжасында 6 млрд 632 млн сомдон 10 млрд 62 млн сомго чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, кошумча чыгарылыштын алкагында “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коому Фонддун номиналдык наркы ар

Ишкер Media