MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!
Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет.
Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак
Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны кантип аныктоо керек? Маркетингди кантип туура уюштуруу зарыл? Продукциянын өздүк наркын кантип эсептөө керек? Команданы кантип башкаруу жана бизнести кеңейтүүгө кантип даярдануу керек?
Мындай кыйынчылыктарга өзгөчө жаңыдан иш баштаган ишкерлер көп туш болушат. Анткени алар үчүн кесиптик билимге, каржылоого жана ишкердик байланыштарга жетүү дайыма эле оңой эмес. Ошол эле учурда бизнести кийинки баскычка чыгаруу үчүн кээде чоң инвестиция эмес, кырдаалга сырттан карап, туура багыт көрсөтө турган тажрыйбалуу адамдын кеңеши жетиштүү болот.
2023-жылы Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Аялдардын ишкердигин каржылоо демилгеси (We-Fi) жана башка донорлор платформаны Борбор Азияда жайылтууга колдоо көрсөтүшкөн.
Долбоордун маалыматына ылайык, аймактагы коомчулукка Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 5 400дөн ашуун ишкер кирет. Алардын болжол менен 75 пайызы — аялдар. Кыргызстандан 1 000ге жакын ишкер жана 250дөн ашуун насаатчы катталган.
Идеядан натыйжага: Элиза Курбаеванын окуясы
2024-жылы Элиза Курбаева Кыргызстандын түштүгүндөгү Жалал - Абад областынын Кербен шаарында Elizabeth Guest House конок үйүн ачкан. Анын максаты - жергиликтүү туризмди өнүктүрүү жана саякатчыларды аймак менен тааныштыруу. Жаңы ачылган бизнесин кийинки деңгээлге чыгаруу үчүн Элиза MicroMentor платформасына катталып, АКШдан Кен Ларсон аттуу насаатчы менен таанышкан.
Үзгүлтүксүз консультациялар аркылуу Кен ага максаттуу аудиториясын жакшыраак түшүнүүгө, туристтерди тартуу каналдарын аныктоого, маркетинг стратегиясын иштеп чыгууга жана тейлөө стандарттарын жакшыртууга жардам берип келет.
«Кен менен таанышуу мага практикалык билим жана бизнести өнүктүрүү боюнча так багыт берди», — деп белгилейт Элиза.

Бүгүнкү күндө Elizabeth Guest House суроо-талаптын өсүшүнө жооп берүү үчүн реконструкцияланып, кеңейүүдө. Бул окуя бизнестин чакан шаарда жайгашканы анын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү дегенди билдирбей турганын далилдейт. Кээде бир гана кесипкөй кеңеш жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрүүгө жана кийинки кадамды туура аныктоого жардам берет.
Акысыз. Практикалык. Ар бир ишкер үчүн жеткиликтүү.
MicroMentor пландарды конкреттүү аракеттерге айландырууга жардам берет. Сиз өзүңүздүн маселеңизди түшүнгөн жана тиешелүү тажрыйбасы бар насаатчыны таба аласыз.
Мисалы, төмөнкү багыттар боюнча кеңеш алууга болот:
- Маркетинг жана илгерилетүү: социалдык тармактарда жарнамалоо, кардарларды тартуу;
- Каржы жана пландоо: өздүк наркты эсептөө, баа түзүү, финансылык пландоо;
- Сатуу жана электрондук коммерция: онлайн-сатуу, маркетплейстерге чыгуу жана жаңы рынокторду өздөштүрүү;
- Бизнести башкаруу: команданы уюштуруу, стратегия иштеп чыгуу жана бизнести кеңейтүү.
Консультация алуу үчүн акы төлөөнүн кереги жок. Сиз өзүңүздүн шаарыңыз же өлкөңүз менен гана чектелбейсиз: башка аймактан же башка мамлекеттен адис издей аласыз.
Кошумча мүмкүнчүлүктөр
MicroMentor долбоору насаатчы табуу менен гана чектелбейт. Сиз ишкерлердин коомчулугуна кошулуп, офлайн жолугушууларга катышууга, тажрыйба алмашууга, жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк аласыз!
Ошондой эле Борбор Азиядагы алдыңкы насаатчылардын катышуусунда вебинарлар аркылуу билим алып, алардын тажрыйбасынан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Насаатчылыктан максималдуу пайда кантип алуу керек?
Баарынан мурда, так максат коюңуз. "Бизнесимди өнүктүргүм келет" деген жалпы өтүнүчтүн ордуна, өзүңүздүн милдетиңизди конкреттүү аныктоого аракет кылыңыз. Мисалы, буйрутмалардын санын көбөйтүү, социалдык тармактардагы жарнаманы жакшыртуу, продукциянын өздүк наркын эсептөө, маркетплейске чыгуу же бизнести кеңейтүү планын даярдоо.
Сурооңуз канчалык так болсо, сизге ылайыктуу тажрыйбасы бар насаатчыны табуу ошончолук жеңил болот.
Биринчи жолугушууга чейин бизнесиңиз тууралуу кыскача маалымат даярдаңыз: эмнени сатасыз же кандай кызмат көрсөтөсүз, кардарларыңыз кимдер, буга чейин кандай аракеттерди көрдүңүз жана кандай кыйынчылыкка туш болдуңуз? Суроолоруңузду алдын ала даярдап, ийгиликтериңиз менен гана эмес, азырынча жакшы натыйжа бербей жаткан иштериңиз менен да бөлүшүүгө даяр болуңуз. Бул маектешүүнү мазмундуу жана пайдалуу кылат.
Башка өлкөлөрдөн жана башка тармактардагы адистерге кайрылуудан коркпоңуз. Кээде сырттан берилген көз караш жаңы мүмкүнчүлүктөрдү байкоого, кардарларды тейлөөнү жакшыртууга же ийгиликтүү тажрыйбаны жергиликтүү рынокко ылайыкташтырууга жардам берет.
Бизнесиңизди өнүктүрүүнү эртеңкиге калтырбаңыз!
Бизнесиңиз өсүүгө татыктуу. Идеяларыңыз ишке ашууга татыктуу. Бүгүн баштаңыз — MicroMentor платформасынан насаатчы таап, бизнесиңиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыз!
Катталыңыз: https://www.micromentor.org/
Эгерде сурооңуз бар болсо, биз менен баарлашкыңыз келсе, биз дайыма байланыштабыз: +996 503 888 778 office.shestarts@gmail.com