Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды
Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды.
Мекеменин маалыматына ылайык, анда өлкөнүн инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын банк секторуна, эл аралык эсептешүүлөргө, ошондой эле ишкерлерди жана инвестициялык долбоорлорду колдоого багытталган финансылык инструменттерге бурулду.
Катышуучуларга Кыргызстан рыногуна чыгуу, жаңы ишкердик байланыштарды түзүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү жолдору тууралуу маалымат берилди.
